Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Садыр Жапаров: Жерүй кенинин иши токтобойт


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров. 2021-жылдын 15-марты.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров. 2021-жылдын 15-марты.

"Жерүй" кенинин иши токтобойт, деп билдирди президент Садыр Жапаров 17-мартта Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканын ачылышында.

“Ооба, бул кырдаалга ыраазы (болгондор да - ред), нааразы болгондор да бар. Бирок иш башталып калгандан кийин биз кайра артка тартпайбыз. Андай кылууга азыр мүмкүнчүлүгүбүз жок. Учурда ири инвестициялык долбоор Орусиянын катышуусу менен салтанаттуу түрдө ачылып жатат. Бул долбоор Талас облусунун өнүгүүсүнө жана жалпы Кыргызстанга олуттуу салым кошот. Буга чейин эле бюджетке 1,5 млдр. сом түшкөн. Эми фабриканын ачылышы менен бюджетке түшкөн акча дагы көбөйөт. 1000ден ашык жумушчу орун түзүлөт. Анын 95% Кыргызстандын жарандары” - деди Жапаров.

Бул иш-чарага Орусиянын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышты.

Садыр Жапаров Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканын ачуу үчүн бүгүн - 17-мартта Таласка барган. Өкмөттүн маалыматына ылайык сөз болуп жаткан кен иштетүүчү ишкана учурда 900 миллион сом салык төлөөдө. Фабрика ишке киргизилсе бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин көбөйөт. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орду түзүлөт. Бирок, бул кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар.

Курманбек Бакиев президент болуп турган учурда кен Улуу Британиянын "Оксус Голд" компаниясына таандык болгон. Анын өкүлү Шон Дейлиге - бул мамлекеттин жаранына - 2006-жылдын жай айларында Бишкекте 4 ирет ок атылып, ал аман калган. Кийин Шон Дейли анын өмүрүнө кол салууну уюштурган деп Максим Бакиевди сотко берген. Процесс 2017-жылдын жай айларында Лондондо болгон.

Андан мурдараак 2014-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Шон Дейлиге байланыштуу иш үчүн айыпталган Курманбек Бакиев менен анын баласы Маратты 20 жылга, ал эми Жаныш жана Максим Бакиевдерди өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен өкүм чыгарган. (MiK)

XS
SM
MD
LG