Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Активист Кудайберген уулу бир айга тергөө абагына камалды


Тилекмат Кудайбергенов.
Тилекмат Кудайбергенов.

Бишкектин Свердлов райондук соту 16-мартта активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) бөгөт чарасын жабык карады. Соттун чечими менен активист бир айга №1 Тергөө абагына камалды.

Ал сот залынан милиция кызматкерлеринин коштоосунда чыгып баратып нааразылык иретинде ачкачылык кармай турганын билдирди:

«Бүгүн 16.00дөн тартып мен толук ачкачылык жарыялайм", - деди.

Тилекмат Кудайберген уулу 15-мартта Бишкекте кармалган. Кийинчерээк ал Facebook түйүнүндөгү билдирүүсүндө бийликти кулатууга чакырыктар бар деген негизде кармаганы белгилүү болгон.

Активист Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен айыпталып жатат.

9-мартта башкалаада Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Тилекмат Кудайберген уулу алып барган.

15-мартта анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунда да тинтүү жүргүзүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG