Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Садыр Жапаров: Көлбаев боюнча АКШдан далилдерди сурадык


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров АКШ Кыргызстандагы кылмышка шектүү адамдар боюнча "кош стандарттуу саясат" жүргүзүп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсу маалында билдирди.

Жапаровдун айтымында, АКШ кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду айыптап, АКШда качып жүргөн экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей жатат. Бул үчүн мамлекет башчысы АКШны сындады.

Экономикалык кылмыштарга шек саналган Шадиевден башка дагы бир нече саясатчылар АКШда жүргөнүн айткан Жапаров башка чиновниктердин атын атаган жок.

«Мен Тышкы иштер министрлиги аркылуу АКШнын элчилигине «Кылмыш ишин бизге берсин (ред: Камчыбек Көлбаевдин), фактыларын, далилдерин бизге берсин, биз ачык соттоп берели. Элчилигинен келип сотко катышсын» дедим. Биз карабай койсок айтса болот эле. Ал башында (ред: Камчыбек Көлбаев) «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен камалган экен. Азыр бир нече сумма төгүптүр. Калганын азыр чыгып төгүп берип жатат. Ал киши өлтүргөн жок. АКШ «ал маңзат ташыган, фактылар бар» деп атат. " (Фактыларды - ред.)...бер" десек бирок бербейт», - деди .

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Көлбаевди былтыр 22-октябрда кармаган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган. 5-ноябрда Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган.

Бишкек шаардык соту 2-мартта аны эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошоткон.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 250 млн. сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которду. Тергөөнүн мөөнөтү бүткүчө же апрелдин аягына чейин калган акчаны кайтаруу боюнча аракет көрүлүп жатат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Көлбаевдин абактан бошотулушуна байланыштуу 3-мартта тынчсыздануусун билдирген. Вашингтон Көлбаевдин кылмыштуу уюшкан тобу тууралуу баалуу маалыматтарды бөлүшкөндөргө бериле турган сый акынын өлчөмүн 5 млн долларга чейин көбөйткөн.

46 жаштагы Көлбаев мындан туура 8 жыл мурда «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деген айып менен 3 жылга соттолгон. Ал 2014-жылы 8-июнда эркиндикке чыккан.

АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин Камчыбек Көлбаевди эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары «кара тизмеге» киргизген. (BTo)

XS
SM
MD
LG