Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:15

Бишкектеги аскер бөлүктөрүндө 13 адамдан кургак учук аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектеги эки аскер бөлүктөн жалпы 13 аскерден кургак учук оорусу аныкталып, дарыланууда.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык кургак учук боюнча диспансердин башкы дарыгери Тамара Баялиева билдирди.

"Бишкектеги Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү № 97632 аскер бөлүгүнөн 12 адам, № 7412 аскер бөлүгүнөн бир кишиден кургак учук аныкталды. Буга чейин өткөн жылдын декабрында бир аскер кызматкери кургак учук менен ооруп, бизде дарыланып, эми ооруканадан чыкканы жатат. Жалпы 13 аскерден кургак учук чыгып, алар дарыланууда. Эң биринчи бейтап 2020-жылдын 21-декабрында түшкөн".

Башкы штабдын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган билдирүү таратты.

Билдирүүдө 11 аскерден кургак учуктун таякчасы чыкканы жазылган. Кыргызстандын Коргонуу боюнча мамлекеттик комитетинин аскерий-медициналык башкармалыгы эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп, оорунун очогун табышты.

Аскер бөлүктөрүндөгү кызматкерлер, аскерлер рентген текшерүүдөн өтүштү. Оорунун жайылуусуна жооптуулар боюнча кызматтык иликтөө башталды.
Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам каза тапкан, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган.

Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар.

2017-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстанда мурда бул дартка кабылгандардан тышкары биринчи ирет 5 616 адамдан кургак учук аныкталган. (BCh)

XS
SM
MD
LG