Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Коронавирустан эки адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 15-март күнү эртең менен берген маалыматына караганда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза болду.

Вирус 67 кишиге жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1483 кишини түздү.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 86 917 адамга жетти. Акыркы суткада вирустан 39 адам айыгып чыкты. Жалпы айыгып чыккандардын саны - 83 875.

Стационарда дарыланууда 345 бейтап бар. Анын 17си өтө оор, 91и оор абалда жатат. Үй шартында 275 адам дарыланып жатканы расмий кабарланды.

15-мартка карата бир медицина кызматкерине коронавирус жукту.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4208 учур катталды, алардын ичинен 4195 медкызматкер сакайды. (BCh)

XS
SM
MD
LG