Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:23

«Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеген Айбек Осмонов депутаттык мандат алды


Айбек Осмонов.
Айбек Осмонов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14-мартта «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айбек Осмоновго Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырды. Ал парламентке оорудан улам 28-февралда каза болгон «Бир Бол» фракциясынын депутаты Алмазбек Акматовдун ордуна келатат.

Айбек Осмонов жана анын бир тууганы Нурбек Осмонов - «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрү болуп саналат. Алар бул партия менен буга чейин Ошто жана Бишкекте шаардык кеңештерге шайлоодо жеңишке жетишкен.

Осмоновдор былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого алгач «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен аттанганы белгилүү болгон. Кийинчерээк андан бөлүнүп, «Ыйман Нуру» партиясы менен бара турганы кабарланган.

Айбек Осмонов «Ыйман Нуру» партиясынын лидерлигинен кетип, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан. Муну партиялаштары Осмоновго кысым болгону менен түшүндүрүшкөн.

Айбек жана Нурбек Осмоновдор «Ихлас» соода маркасына ээлик кылган бир нече курулуш компаниялардын кожоюндары. Ага-ини Ош шаарында электромобил чыгаруучу завод, текстил фабрикасын, Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү завод жана текстил фабрикасын курушкан.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет.

«Мекеним Кыргызстан» былтыр Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо экинчи болуп келген. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон ондон ашык саясий партия Бишкекте митинг уюштуруп, акция башаламандык менен аяктаган жана өлкөдө бийлик алмашкан. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Айбек Осмонов менен байланышы жок экенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG