Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:52

Баткен менен Фергана облустарынын жетекчилери жолукту


Баткен менен Фергана облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу. 2021-жылдын, 14-марты.
Баткен менен Фергана облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу. 2021-жылдын, 14-марты.

Кыргызстандын Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев баштаган бийлик өкүлдөрү Өзбекстандын Фергана облусунун башчысынын орун басары Мухсинхужа Абдурахманов жетектеген делегация менен жолугушту. 13-мартта Баткендин Кадамжай шаарында өткөн жолугушууга эки өлкөнүн ишкерлери да катышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу бардык багыттагы кызматташууну талкуулашты. Туризмди өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн жарандарын чек арадан өткөрүүнү жеңилдетүү жөнүндө сүйлөшүштү. Ишкерлер айыл чарба жана кен байлыктардын иштетүү боюнча пикир алмашышты. Эки облуска тең соода-экономикалык маселелер боюнча иш алып бара турган өкүлчүлүктөрдү ачуу макулдашылды.

Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барып келди. Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 22 документке кол коюлду. (TSh)

XS
SM
MD
LG