Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Алматыга жакын жерде алты кишиси бар аскердик учак кулады


Алматы аба майданынын жанында кыйраган аскер учагынын сыныгы. 2021-жылдын 13-марты.
Алматы аба майданынын жанында кыйраган аскер учагынын сыныгы. 2021-жылдын 13-марты.

Ишембиде (13-мартта) Казакстандын мурдагы борбору Алматы шаарына жакын жерде ичинде алты киши болгон аскердик учак кулады.

Расмий маалымат боюнча, бул унаа учагы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматына таандык экени кабарланды.

Учак кырсыгында набыт болгондор майор Габит Барлыкбаев (Ғабит Барлықбаев; 1987-жылы туулган), улук лейтенант Досжан Баймуратов (Досжан Баймұратов; 1987-жылы туулган), Мухтар Сагынбаев (Мұхтар Сағынбаев; 1995-жылы туулган) жана сержант Евгений Васильков (1986-жылы туулган) экендиги маалымдалды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиргенине караганда, учактын ичиндеги жаракат алган эки киши – 1987-жылы туулган Артем Аширов жана 1996-жылы туулган Бакыт Исламов (Бақыт Исламов) Алматы шаарындагы №4 клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатышат.

Алматы аба майданынын басма сөз кызматы «атайын кызматка таандык Нур-Султан – Алматы багытында учкан Ан-26 учагы жерге конорго жакын калганда кырсыктаганын» билдирди.

«Байланыш 17:20да үзүлгөн. Дароо чара көрүлүп, биздин кызматтар кырсык болгон жерге барды. Учак учуу-конуу тилкесине жакын жерде кулаган», - деп кабарлады Алматы аба майданынын басма сөз кызматы.

Окуя Алматы облусундагы Кызылту айылынын жанында болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык болгон жерге өрт өчүрүү кызматынын алты машинеси, саламаттык сактоо кызматынын 10 бригадасы барганын маалымдады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы президент Нурсултан Назарбаев 13-мартта аскердик учак кыйраганда курман болгондордун жакындарына көңүл айтышты.

XS
SM
MD
LG