Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Садыр Жапаров Өзбекстан менен дары-дармек өндүргөн биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов. 11-март, 2021-жыл. Ташкент шаары.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов. 11-март, 2021-жыл. Ташкент шаары.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкенттеги мамлекеттик сапарынын алкагында 12-мартта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анда эки тараптуу кызматташтык, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, маданий эс алуу жана башка тармактар боюнча пикир алмашуу болду.

Жапаров биринчи кезекте кыска убакыттын ичинде эки тараптуу кызматташтык боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын уюштуруу керек экенин айтты. Дүйнөлүк экономикалык кризиске карабастан, өз ара соода жүгүртүүдө оң динамика сакталып турганын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча жол картасын ишке ашыруу аракети башталды.

Ошондой эле Садыр Жапаров экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүдө жаңы аянтча болуп кала турган Кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин түзүлүшүн кубаттады. Кеңештин биринчи жыйыны Ташкент шаарында кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында өттү.

Президент Өзбекстандагы фармацевтика тармагынын жигердүү өнүгүшүнө оң пикирин билдирип, Кыргызстанда дары-дармектерди, медициналык шаймандарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылды.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстан менен мамилелер стратегиялык кызматташтыкка жана коңшулук ынактыкка негизделгенин белгиледи.

Садыр Жапаров баштаган кыргызстандык делегация Өзбекстанга 11-мартта эки күндүк мамлекеттик сапар менен барган. Анын жүрүшүндө Жапаров өзбек президенти Шавкат Мирзиёев башында турган расмий өкүлдөр менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык боюнча бир катар макулдашууларга кол коюлду. Ташкентте кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтүп, анда да бир катар келишимдер түзүлдү. (NT)

XS
SM
MD
LG