Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:07

Бишкек: 45 депутаттык мандат үчүн 1820 талапкер ат салыша баштады


Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеши жайгашкан имарат.
Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеши жайгашкан имарат.

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунга 25 партиядан 1820 талапкер ат салыша баштады. Бул тууралуу 12-мартта шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов маалымдады.

Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары төрт жыл иштейт.

Шаардык кеңештерге үгүт өнөктүгү бүгүн башталды.

Азыркы чакырылыш 2016-жылдын 11-декабрында шайланып келген. Анда шайлоого 14 партия катышкан.

2012-жылкы шайлоодо 45 орунга 23 партия ат салышкан.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. (RK)

XS
SM
MD
LG