Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Беларуста оппозициялык блогер Тихановскийге айып тагылды


Минскидеги акцияда Сергей Тихановскийдин сүрөтүн көтөрүп турган пенсионер. 2020-жыл
Минскидеги акцияда Сергей Тихановскийдин сүрөтүн көтөрүп турган пенсионер. 2020-жыл

Беларустун Тергөө комитети оппозициялык блогер жана саясий туткун Сергей Тихановскийге айып такты. Былтыркы жаздан бери камакта отурган Тихановский массалык баш аламандык уюштуруу, социалдык жек көрүүнү козутуу, БШКнын ишине тоскоолдук түзүү жана коомдук тартипти одоно бузган аракеттерди уюштуруу үчүн айыпталды. Ал 15 жылга чейин кесилиши ыктымал.

Тергөө комитети Тихановский жана айланасындагылар мамлекетке чоң материалдык зыян алып келишкенин, алардын мүлкү жана каражаттары камакка алынганын билдирди.

Блогер "Ютубда" жана "Телеграм каналында" бийликке жана тартип коргоочуларга каршы зомбулукка үндөгөн деп айыпталууда.

Тихановский былтыр президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн, бирок тергөө абагында отургандыктан, каттала алган эмес. Ошондон кийин президенттикке жубайы Светлана аттанган. Анын айланасына Лукашенкого каршы чыккан оппозициялык күчтөр бириккен.

Бурмаланган шайлоо нааразылык акциялары менен коштолуп, демонстранттарга каршы аёосуз күч колдонгондо Светлана Тихановская Беларустан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Чет жактарда беларус оппозициянынын лидери катары кабыл алынган саясатчыга мекенинде издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG