Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:11

Ошто милиция кызматкерлери түзгөн коррупциялык схема аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаарындагы № 1 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери түзгөн коррупциялык схеманы аныктады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, схема мыйзамсыз акча чогултуу максатында түзүлгөн.

Иш атайын кызмат тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин (“Пара талап кылуу”) фактысы боюнча сотко чейинки ачылган өндүрүштүн алкагында ачылган. Ага ылайык 10-март күнү Ош шаарынын № 1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Т. Т. М. кармалган.

Маалыматта “ал базардагы ишкерлерден 6-7 миң сомдон мыйзамсыз акча чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзгөн. Кызматтык бөлмөсүн тинтүүдө мурда пара катары берилген акча алынды”, деп жазылган.

Кармалган адам УКМКнын Оштогу тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК бул ишке тиешеси бар башка адамдары иликтеп, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG