Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Пакистанда эмдөөнүн экинчи этабы башталды


Пешавардагы эмдөө. 10-март, 2021-жыл
Пешавардагы эмдөө. 10-март, 2021-жыл

Пакистан коронавирустан эмдөөнүн экинчи айлампасын баштады. Эми вакцина калың элге сайылып, артыкчылык 60 жаштан ашкандарга берилмекчи.

220 миллион калктуу өлкөдө эмделүүнү каалабагандар, жада калса мындайлар медкызматкерлер арасында да көп катталууда. Өткөн аптада чыккан сурамжылоого караганда, саламаттык сактоо системасында иштегендердин дээрлик жарымы кытайлык "Sinopharm" вакцинасына көп ишене беришпейт. Азырынча Пакистанда ушул гана вакцина сайылууда. Жергиликтүү бийликтерге өткөн айда анын 504 жарым миңдей дозасы таратылган. 230 миң медкызматкер эмделди.

Расмий маалыматка ылайык өлкөдө коронавируска 595 239 киши чалдыкты, 13 миңден көбү көз жумду. Өкмөт 10-марттан тартып эл көп катышкан иш-чараларга уруксат берүү чечиминен баш тартты, мектептер 15-мартта кайрадан эки жумага жабылмакчы.

Пакистан препараттарды чыгарган өндүрүүчүлөргө өз алдынча буйрутма берген эмес жана вакцина алууда жакыр мамлекеттер үчүн түзүлгөн COVAX долбоорунан көз каранды.

XS
SM
MD
LG