Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:32

АКШнын Нур-Султандагы элчилиги Шинжаңдан качкандардын коопсуздугун камсыздоого чакырды


Кайша Акан. Казакстан, 30-октябрь 2021-жыл
Кайша Акан. Казакстан, 30-октябрь 2021-жыл

АКШнын Казакстандагы элчилигинин өкүлдөрү Шинжаңдан качкан этникалык казактар Кайша Акан жана Мурагер Алимулы менен жолугушту. Бул тууралуу элчилик "Твиттердеги" баракчасына жазды. Кытайдагы улуттук азчылыктардын укуктары бузулуп жатканын чагылдырган Акан менен Алимулы январда Алматыда өз-өзүнчө кол салууларга туш болгон. Былтыр алар Казакстанда бир жылга качкын макамын алышкан.

“Элчиликтин кызматкерлери Шинжаңдагы куугунтуктан качкан этникалык казактар менен кездешти. Алардын таржымалына кулак салуу зарыл, башпаанек алган адамдар өздөрүн коопсуздукта сезиши керек”, - деп айтылат дипмиссиянын "Твиттердеги" маалыматында.

Жергиликтүү укук коргоочулар январдагы кол салуунун артында саясий себеп турат, муну менен аларга "эскертүү" беришкен деп эсептешет. "Бейбаштык" деп каралган иш боюнча эч ким кармала элек.

Кытай бийлиги Шинжаңдагы мусулмандарды лагерлерге айдагандыгы үчүн сынга кабылып келатат. Бээжин ал жайларды экстремизм жана жикчил терроризмге каршы туруу үчүн “кайра тарбиялоо жана кесипке үйрөтүү” борборлору деп атап жүрөт.

АКШ бийлиги жана эл аралык эксперттер Бээжиндин Шинжаңдагы түрк тилдүү калкка каршы саясатын геноцид деп сыпаттайт. Кытай бул айыптоону четке кагууда.

XS
SM
MD
LG