Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:50

Чавушоглу: Билим берүү жана башка тармактарда ФЕТОго муктаждык жок


Мевлүт Чавушоглу.
Мевлүт Чавушоглу.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 10-мартта Бишкектеги расмий сапарынын жүрүшүндө "Маариф" фонду жана диний аалым Фетхулла Гүлендин кыймылы тууралуу маселени көтөрдү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Чавушоглунун жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтык, президент Садыр Жапаровдун алдыда Түркияга мерчемделген сапары тууралуу да сөз болду.

Тараптар жолугушуудан кийин биргелешкен басма сөз жыйынын өткөрүштү. Анда түрк тышкы иштер министри эки мамлекеттин билим берүү жана илим тармагында кызматташтыгы өнүгүп жатканын айтты:

""Маариф" фонду боюнча келишимге былтыр Анкарада боордошум Руслан (ред.: Руслан Казакбаев) менен кол койгонбуз. "Маариф" фонду Кыргызстанда башталгыч мектептен лицейге чейин билим берүү жайларын ачып, сапаттуу билим берет. Билим берүү жана башка тармактарда ФЕТО сыяктуу террордук уюмдарга муктаждык жок. Алар биз үчүн коркунуч, улуттук коопсуздук үчүн. Биз дегенде Түркия эле эмес, Кыргызстан үчүн да коркунуч деп айта алам. Муну ар дайым айтып келе жатабыз. Ал сыяктуу террордук уюмдар жана кылмыштуу топтордон буюрса кутулабыз", - деди Мевлүт Чавушоглу.

Кыргызстанга 10-мартта расмий иш сапар менен келген Чавушоглуну ушул эле күнү президент Садыр Жапаров кабыл алган.

Быйыл Түркиянын "Маариф" фонду Бишкекте алгачкы мектебин ачканы жатат.

2020-жылдын ноябрында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарага барган кезде да Мевлүт Чавушоглу Түркияда тыюу салынган ФЕТО тобунун жактоочуларынын ролу Кыргызстанда бар экенин жана өлкө үчүн бул коркунучтуу экенин эскерткен.

Түркия Кыргызстанда 1992-жылы ачылган «Себат» билим берүү мекемелерин да «гүленчил» көз карашта деп болжойт. Кыргыз бийлиги ал мекеме өлкөнүн өзүнө таандык деп эсептеп, 2017-жылы мектептердин атын «Сапат» деп өзгөрткөн.

Расмий Анкара АКШда бозгунда жашаган диний аалым Фетхулла Гүлендин «Хизмет» кыймылын ФЕТО деп атап, террорчул уюмдардын катарына кошкон. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке кагып келатат. (NT)

XS
SM
MD
LG