Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өттү


Бишкектеги митинг. 9-март, 2021-жыл.
Бишкектеги митинг. 9-март, 2021-жыл.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында, Ак үйдүн жанындагы митингдин катышуучулары Конституциянын жаңы долбоорун четке кагууну, Жогорку Кеңештин таркашын, тез арада парламенттик шайлоо жарыялоону, Конституциянын долбоору жаңы парламентте кеңири талкууланып, эл тандоосуна коюлушун талап кылышты. Президент Садыр Жапаровго кайрылышып, бул талаптарды аткарууга, парламентти каржылоону токтотууга чакырышты.

Алар "Парламент таркасын!", "Хандыкка жол жок!", "Стоп Ханституция!" деген жазууларды көтөрүп алышкан.

Митингге активисттер, укук коргоочулар, саясатчылар жана башка жарандар катышты. Журналисттердин эсебинде акцияга 50-60тай киши чыкты.

Ондогон милиция кызматкери тартипке көз салып, митингдин катышуучуларын тротуардан өткөрбөй курчап турушту.

Уюштуруучулардын бири - “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдокматов Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда бийлик бир колго топтолуп калганын, ал сөз эркиндигин, адам укугун чектөөгө алып келерин билдирди. Бул документти колдогон парламенттин жоопкерчилиги чоң экенин, бийликти узурпациялоо үчүн депутаттарды, президентти сотко берерин айтты.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган.

Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берди, 21и катышкан жок.

Бийлик Конституциянын жаңы долбоорун быйыл апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети көрүлүп жатканын айтышууда.

Президент Садыр Жапаров Конституциянын долбоорунда парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, республикалык бюджетти бекитүү, өкмөттүн жана административдик-аймактык түзүлүштүн жылдык отчетун кароо, мунапыс актыларын чыгаруу, Жогорку Соттун жана Конституциялык Соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG