Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:34

Ошто аялдардын укугуна арналган тынч жүрүш өттү


Ош шаарында жүрүшкө чыккандар. 2021-жыл, 8-март.
Ош шаарында жүрүшкө чыккандар. 2021-жыл, 8-март.

8-март аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата Ош шаарындагы активисттер аялдардын укугун коргоого арналган тынч жүрүшкө чыгып, ал аяктады.

Ага катышкандар аялдар зомбулугуна каршы ураандарды көтөрүштү. Жүрүш Алишер Навои менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, шаардык мэриянын жанындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде жыйынтыкталды. Ушундай эле жүрүш бүгүн 8-мартта Бишкек шаарында дагы өтүүдө.

"Аялдардын тилектештик маршы" былтыр 8-мартта Ошто да пландалып, бирок Бишкектеги марш үзгүлтүккө учурагандан кийин чакан кеңседе жыйын түрүндө өткөрүлгөн.

Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда январь айынан бери 727 үй-бүлөлүк зомбулук Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-мартта билдиргендей, зомбулуктун басымдуу бөлүгү Бишкек жана Чүй облустарында болгон.

Буга чейин Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн жарыялаган.

Үй-бүлөдө аялдарга каршы жасалган зомбулук - Кыргызстанда кеңири талкууга түшкөн социалдык маселелердин бири. 2021-жылдын январь айында эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки келин өз жанын кыйып, өмүр менен кош айтышкан. Түп районунда төрт баланын энеси күйөөсүнүн зомбулугунун курмандыгы болгон. Мындай окуялар башка аймактарда да орун алып келет.

2020-жылы катталган 9025 фактынын 10% гана сотко өткөн. (DU/TSh)

XS
SM
MD
LG