Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:11

Бүгүн 8-март - Аялдардын эл аралык күнү


Аялдардын теңдиги, тилектештиги үчүн уюштурулган тынч жүрүш үзгүлтүккө учурагандан кийин. Бишкек. 2020-жылдын 8-марты.
Аялдардын теңдиги, тилектештиги үчүн уюштурулган тынч жүрүш үзгүлтүккө учурагандан кийин. Бишкек. 2020-жылдын 8-марты.

Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен. Ошондон тарта аялдардын укугун коргоо Эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык күнү катары белгиленип келет.

Кыргызстанда 8-март жылнаамада кызыл менен белгиленген. Өлкөнүн булуң-бурчунда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган ар кандай иш-чаралар өтөт.

Былтыр 8-мартта Бишкекте аялдардын теңдиги, тилектештиги үчүн уюштурулган тынч жүрүш үзгүлтүккө учураган. Белгисиз, беткапчан адамдар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен.

Милиция кийинчерээк аялдар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG