Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Иран: абак жазасы аяктаган Загари-Рэтклифф кайра сотко чакырылды


Назанин Загари-Рэтклифф.
Назанин Загари-Рэтклифф.

2016-жылдан бери Иранда кармалып келген гуманитардык кызматкер, Британия менен Ирандын жарандыгын алып жүргөн Назанин Загари-Рэтклиффтин бутуна тагылган көзөмөлдөөчү жабдык 7-мартта алынды. Бул күнү анын беш жылдык абак жазасы соңуна чыкты. Бирок Загари-Рэтклифф Ирандан чыгып кете алары белгисиз болуп турат.

Себеби Ирандагы ISNA маалымат агенттиги гуманитардык кызматкер 13-мартка кайра сотко чакырылганын маалымдады. Британ тышкы иштер министри Доминик Рааб Ирандын бийлигинен Загари-Рэтклиффти бошотууну жана анын Британияга кайтып келишине мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылды.

«Thomson Reuters Foundation» фондунун менеджери, 42 жаштагы Загари-Рэтклифф 2016-жылдын апрелинде кызы менен Британияга кайтып баратканда Тегеран аэропортунда кармалган. Ал “Иран өкмөтүн төңкөрүү боюнча кутумга катышкан” деп айыпталып, беш жылга түрмөгө кесилген. Анын үй-бүлөсү жана фонд бул айыптарды четке каккан. “Amnesty International” уюму Загари-Рэтклиффдин сот ишин “өтө адилетсиз” деп мүнөздөгөн.

Андан бери Британия Загари-Рэтклиффти жана ал сыяктуу Иран түрмөлөрүндө отурган кош жарандыгы бар адамдарды бошотууну талап кылып келет. Расмий Тегеран кош жарандыкты тааныбайт.

Ноябрь айында Загари-Рэтклиффке “режимге каршы пропаганданы жайылтты” деген жаңы айып коюлуп жатканы кабарланган. Былтыр март айында коронавирус пандемиясына байланыштуу ал Эвин түрмөсүнөн үй камагына которулган.

XS
SM
MD
LG