Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Ооганстанда чалгын башкармалыгынын башкы прокурору өлтүрүлдү


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү.

6-мартта Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын башкы прокурору Сайид Махмуд Ага бомба орнотулган машинеде ишке ашырылган кол салууда набыт болду. Анын бир жансакчысы да мүрт кетти.

Гилменд облустук кеңешинин башчысы Аттаулла Афгандын айтымында, Махмуд Аганы Лашкаргах шаарына алып бараткан автоунаа кербенине кол салышкан. Чабуул койгон машине жардыргыч заттар менен толтурулганын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Окуяда сегиз киши жарадар болду, экөөнүн абалы оор. Кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Катарда Ооганстандын өкмөтү менен талибдердин өкүлдөрүнүн ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү уланып жатканына карабай, соңку айларда Ооганстанда журналисттерге, жарандык активисттерге жана бийлик өкүлдөрүнө кол салуулар күчөдү.

Талибдер чабуулдардын көбүнө катышы жоктугун билдирүүдө. Бирок ооган өкмөтү бул топту айыптап келет.

XS
SM
MD
LG