Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Ангела Меркель толук гендердик теңчиликке чакырды


Немис канцлери Ангела Меркель Германияда чыныгы гендердик теңчиликти камсыз кылуу үчүн кайрылуу жасады.

"Аялдар эркектер менен бирдей эмгек акы алышы керек. Бизге коомдун бардык чөйрөсүндө паритет керек", - деп баса белгиледи ал апталык салттуу видеокайрылуусунда.

Меркелдин 6-марттагы сөзү келе жаткан 8-март - Аялдардын тилектештигинин эл аралык күнүнө арналганын "Deutsche Welle" кабарлады.

Канцлердин оюнча, аялдар коомдун өнүгүшүнө чоң жардам берип келатканы менен саясатта, экономикада жана социалдык чөйрөдө маанилүү чечимдерди кабыл алууда бирдей шартта катышпайт. Меркель бул жагдайга кайдыгер карап туруу мүмкүн эместигин белгиледи.

Меркель пандемия "ансыз деле мыйзам ченемдүүлүктөрдү жеңип жатканын" кошумчалады. Анын айтымында, балдарды үйдөн окутуу, аларга кам көрүү жана алардын жумуш милдеттери ортосунда тең салмактуулукту сактоого аргасыз болгон аялдар көбөйүүдө. Канцлер үй тиричилигин жумуш менен ийгиликтүү айкалыштырууга жетишүү керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG