Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Акталган Марс Жусупбеков №1 Тергөө абагынын башчысы катары ишин баштады


Марс Жусупбеков. Архивдик сүрөт.
Марс Жусупбеков. Архивдик сүрөт.

Марс Жусупбеков Бишкектин №1 Тергөө изоляторунун (ТИЗО) жетекчиси кызматында 4-марттан тартып кайра иштей баштады.

Анын кызматы узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин калыбына келтирилгенин адвокат Икрамидин Айткулов «Азаттыкка» билдирди. Маалыматты Жаза аткаруу кызматынан да ырасташты.

Жусупбеков 2013-жылы №1 тергөө абагын жетектеп турганда "мыйзамсыз иштерге жол берген" деген киненин негизинде кармалган. Кылмыш кодексинин 304-беренеси «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», 305-беренеси («Кызмат абалынан аша чабуу») менен айыпталган.

Бишкектин Октябрь райондук соту аны 2014-жылы 4 жылга жатак абакка кескен.

Анын адвокаттары 2019-жылы июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылган. Материалдар кайра кароого жиберилген.

Анын натыйжасында Октябрь райондук соту кылмыштын курамы жок деген негизде Жусупбековду актаган, анын кызматын калыбына келтирген. (NT)

XS
SM
MD
LG