Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Коронавирустан дагы эки киши кайтыш болду, илдет 41 адамдан аныкталды


Архив. Кыргызстандык дарыгерлер пандемия шартында.
Архив. Кыргызстандык дарыгерлер пандемия шартында.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 5-марттагы маалыматына караганда, бир суткада оору 41 адамдан табылды.

Илдеттен Бишкекте эки бейтап каза болду. Пандемия башталган былтыркы жылдын март айынан бери Кыргызстанда бул илдеттин курмандыктары 1470ке жетти.

Вирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 86 451, айыгып чыккандар - 83 424 киши.

Азыркы тапта ооруканаларда 359 бейтап бар, алардын 93үнүн абалы оор, 17си өтө оор абалда жатат. Үй шартында 259 адам дарыланууда.

COVID-19 дагы бир медицина кызматкеринен аныкталды. Пандемияда илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4205ке жетип, анын 4186ы айыгып чыкты.

Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (TSh)

XS
SM
MD
LG