Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Бекешев Матраимовду колдоо митингине катышкан депутаттарды сындады (видео)


Парламенттин депутаттары Райымбек Матраимовду колдогон митинг учурунда. 28-февраль, 2021-жыл. Ош.
Парламенттин депутаттары Райымбек Матраимовду колдогон митинг учурунда. 28-февраль, 2021-жыл. Ош.

Парламенттин 4-марттагы сессиясында депутат Дастан Бекешев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон митингге барган депутаттарды сынга алды.

Ал коррупцияга шектүү катары кармалып, тергөө абагында отурган Жылдыз Чодобаева тууралуу маселени көтөрүп, анын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө сотторду чакырды.

Коррупцияга каршы күрөшүүдө кош стандарттуулук болуп жатканын айтты:

"Коррупция менен күрөшкө түшүнбөй калдым. Акчасы барлар үйүндө же менчик клиникаларда жатат. Тескерисинче, бийликке каршы митингди уюштуруп, ошол жерде биздин кесиптештер жүрүшөт. Президенттин саясатын мактап, элге барып башка маалыматты берип атышат. Киши өзү мен коррупционермин деп айтып атса, булар бийликке каршы чыгып отурушат. Таптакыр түшүнбөй калдым. Бийлик менен мамилеси жакшы. Ошол эле кезде элге коррупционерди коргоп маалымат берип атышат. Бул туура эмес. Коррупционерлерге карата теңсиздик мамиле".

Оштогу митингге катышып, сөз сүйлөгөн депутат Таабалды Тиллаев Бекешевге минтип жооп кайтарды:

"Ким кайсы митингге барып, кимди колдойт, ар кимдин өз иши. Өзү жооп берет. Ар кандай саясат кылып, кесиптештерге тийишпей жүрсөк. Бул жерде кумсаларды колдогондор да бар".

Сессия учурунда Бекешев менен депутат Бактыбек Райымкуловдун ортосунда бири-биринин дарегине орунсуз сөздөр менен кайым айтышуу орун алды.

28-февралда Матраимовдун тарапташтарынын Оштогу митингине былтыр октябрдагы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен барган депутаттар Мирлан Бакиров, Бактыбек Райымкулов, Таабалды Тиллаев катышкан.

Алар Райымбек Матраимовдун күнөөсүз экенин айтып, анын камалышын бейөкмөт уюмдар жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызыкчылыгы менен байланыштырган.

Жарандык коом Матраимов мамлекетке акча төлөө менен күнөөсүн моюнга алганын эске салып, депутаттардын кадамын сынга алууда. (NT)

XS
SM
MD
LG