Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Орбан жетектеген "Фидес" Европарламенттеги ири партиядан чыкты


Виктор Орбан
Виктор Орбан

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жетектеген “Фидес” партиясы Европарламенттеги ончул-центристтик Европа элдик партиясынан чыкты. Буга чейин Европа элдик партиясы өз эрежелерин өзгөрткөн. Ага ылайык, курамынан депутаттарды гана эмес, бүтүндөй партияларды чыгарууга жол ачылган. Мындан соң партиянын курамынан чыкчу алгачкы партия “Фидес” болчу. Анын лидери Орбан жаңы кабыл алынган эрежелерди “адилетсиз, кабыл алынгыс жана демократияга каршы келет” деп атаган. Буга жооп катары евродепутат Эстер де Ланге “Фидестин” партиядан чыгары күтүлгөн эле окуя болгонун, Орбан Европа элдик партиясынын баалуулуктарын көзгө илбей калганын билдирди.

Венгриялык партиянын чыгып кеткени Европа элдик партиясынын Европарламенттеги позициясына таасир этпейт. Венгриялык 12 депутат чыгып кеткен соң деле ал эң ири партия бойдон кала берет.

Виктор Орбан Венгриянын өкмөтүн 10 жылдан бери башкарып келет. 57 жаштагы Орбан Венгриядагы бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын эркиндигин чектеп, бийликти бир колго топтогону үчүн Евробиримдикте катуу сынга алынып келет.

XS
SM
MD
LG