Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

АКШ элчилиги Камчыбек Көлбаевдин бошотулушуна тынчсыздануу билдирди


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевдин бошотулушуна байланыштуу 3-мартта маалымат таратты.

Анда "баңгизаттарды, адам, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш иш-аракеттери менен алектенген кылмыштуу тармагы бар, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, киши өлтүрүү үчүн жоопко тартылган Көлбаевдин абактан чыкканына" тынчсыздануу камтылган.

“Көлбаевдин баңгизат сатуу тармагы Борбор Азияда, Орусияда жана Европада балдарды ууландырып келет. Ушул себептен АКШнын Мамлекеттик департаменти анын кылмыштуу тармагын бузууга жардам берген маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылган,” – деп билдирген элчи Дональд Лу.

Элчиликтин маалыматына караганда, Дональд Лу жакында Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилиги менен жолугушууда АКШ Көлбаевдин ишин иликтөө жана сот жообуна тартуу боюнча укук коргоо органдарынын аракетин колдой турганын айткан.

Ошондой эле Вашингтондун Көлбаевдин кылмыштуу тармагын жок кылуу үчүн сыйлыктын көлөмүн көбөйтүү жана бул багытта механизмди өркүндөтүү тууралуу ниетин билдирген.

Бишкек шаардык соту 2-мартта кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен былтыр 22-октябрда кармалган Камчыбек Көлбаевди эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошоткон.

17-февралда Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан болчу.

УКМК кримтөбөл деген Камчыбек Асанбек (Көлбаев) адвокаттардын арызынын негизинде абактан чыкканын жана ал Чолпон-Ата шаарынан эч кайда чыкпашы керектигин жарыялады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которду. Тергөөнүн мөөнөтү бүткүчө же апрелдин акырына чейин калган акчаны кайтаруу боюнча аракет көрүлүп жатканы айтылды. (NT)

XS
SM
MD
LG