Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Президент Садыр Жапаров Эл башы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (солдо) жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев. Нур-Султан шаары. 2-март, 2021-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (солдо) жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев. Нур-Султан шаары. 2-март, 2021-жыл.

Бүгүн 2-мартта өткөн жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы кызматташууну мындан ары да тереңдетүү боюнча пикир алмашты.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун келишин кубаттап, өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстан эли ага чоң ишеним артканын белгиледи. Кыргыз президентинин ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан менен Кыргызстан президенттеринин ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугуна токтолду.

Президент Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин салмактуу ички жана тышкы саясатынын натыйжасында Казакстан эл аралык аренада алдыңкы орунда тургандыгын айтып, ага чоң кадыр-баркка ээ мамлекеттик ишмер катары урматтоосун билдирди. Кыргызстан эли оор мезгилдерде Казакстан тарап туруктуу көрсөтүп келген жардамды эч качан унутпасын баса белгиледи. Садыр Жапаров тили жана каада-салты окшош коңшу элдердин ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керектигин өзгөчө белгилеп, биргелешип өнүгүүгө даяр экендигин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин Борбордук Азия аймагынын коопсуздугун, эл аралык интеграциясын жана экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган күч-аракеттери тарыхта каларына ишеничин айтты:

«Боордош Казакстанга биринчи мамлекеттик сапар менен келүү биз үчүн чоң сыймык. Эки элдин ортосунда түзүлгөн бир туугандык жылуу мамилени сиздин колдооңуз менен сактап калууга жана андан ары өнүктүрүүгө умтулабыз», — деди ал.

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевге бекем ден-соолук, узак өмүр жана ишине ийгиликтерди, ал эми Казакстан элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта Казакстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен барган. Анын алкагында Кыргызстандын президенти Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, экс-президенти , Эл башы Нурсултан Назарбаев, Казакстан парламентинин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту.

Алардын жыйынтыгында эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкка багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаровдун Казакстанга жасаган мамлекеттик сапары эртең 3-мартта жыйынтыкталат. Бул анын президент катары алгачкы мамлекеттик сапары.

Садыр Жапаров Кыргызстандын президенттигине 10-январда шайланган. Ал 24-25-февралда мамлекет башчысы катары алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG