Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:52

Депутат Алмазбек Акматовдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду


Маркум Алмазбек Акматов.
Маркум Алмазбек Акматов.

Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Алмазбек Акматовдун сөөгү 2-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакындары, тууган-урук, кесиптештери барып, маркумдун адамдык сапаттарын, эмгекчилдигин эскеришти.

57 жаштагы депутат оорудан улам 28-февралда каза болгон.

Акматов 1964-жылы Нарын облусунда туулган. 1986-жылы Новосибирскидеги жогорку аскердик окуу жайды аяктаган. 2002-жылы Бишкекте Башкаруу академиясын, 2008-жылы Дипломатиялык академияны бүтүргөн.

Акматов президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында эмгектенген. Эмгек жолун 1986-1991-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүндө ар кыл кызматтарда иштеп баштаган.

2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Былтыр парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясы менен катышкан.

Маркумдун артында үй-бүлөсү, беш баласы калды.

XS
SM
MD
LG