Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Коронавирустан эки адам каза болду, оору 22 кишиден табылды


Бишкектеги коронавирустан коргонуу чаралары боюнча эскертме.
Бишкектеги коронавирустан коргонуу чаралары боюнча эскертме.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-марттагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза болду.

Эки өлүм тең Бишкекте катталды. 2020-жылдын март айынан бери бул оорудан көз жумган кыргызстандыктар 1466 адамга жетти.

Бир күндө 22 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Ушуну менен пандемия башталган бир жылдан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 86 251 адамды түздү.

Оорудан 83 210 адам айыгып чыкты. Учурда 353 адам бейтапканаларда дарыланып жатат, алардын ичинен 93 адам оор, он алтысы өтө оор абалда. Үйүнөн дарылангандардын саны 283 адам.

1-мартка карата медицина кызматкерлерине коронавирус жуккан учур катталган жок.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4 205. Анын 4 179у айыгып чыкты.

Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG