Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:44

Грузин оппозициясы чатыр тигип, нааразылык акциясын күчөттү


Грузиянын борбору Тбилисидеги парламент имаратынын алдына оппозициянын тарапкерлери жана укук коргоочулар чатырларды тигип, нааразылык акциясын башташты.

Өткөн түнү чатырда түнөгөн бир нече активист оппозициячыл “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын лидери Ника Мелияны бошотууну талап кылышууда. Аталган партиянын мүчөсү Заал Удумашвили парламент алдындагы чатырлар “режимге каршы күрөштүн бир бөлүгү” экенин билдирди. Полиция демонстранттарга каршы эч кандай аракет көрө элек, бирок баш калаанын борбордук көчөсүндө чатыр тигүүгө уруксат жок экенин эскертти.

«Бирдиктүү улуттук кыймыл» оппозициячыл партиясын жетектеген Мелия 23-январда кармалган соң нааразылык акциялары башталган. Саясатчы 2019-жылдагы нааразылык жыйыны маалында тополоң уюштурган деп айыпталып, кармалган эле.

26-февралда Грузияда оппозициянын «Эркин жүрүшү» деп аталган акцияга көптөгөн адамдар катышкан. Оппозиция бийлик менен диалогду баштоонун шарты катары камактагы Ника Мелияны бошотуу жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүнү аташууда.

Бир катар Батыш өлкөлөрү, Amnesty International уюму Грузиядагы соңку окуяларга тынчсыздануусун билдирди.

4 миллион калкы бар Грузияда саясий кырдаал былтыр ноябрда өткөн шайлоодон бери курчуп турат. Анда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы алдыга озуп чыккан. Оппозициячыл партиялар добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG