Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

COVID-19: Бир күндө бир адам каза болду, 44 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 28-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Бишкек шаарынын тургуну болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1464 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 44 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (16) жана Чүй облусунда (10).

Ошентип, өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 86 229 кишиге жетти.

Бир күндө 52 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 364 адам жатат, дагы 238 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4205 адамга жетти, алардын 4179у айыгып чыкты.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG