Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Мэрия: мектепке баруу азырынча окуучулардын өмүрүнө коркунучтуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы окуучулардын ата-энелерине кайрылып, мектептерди толук ачуу маселесин чечүү үчүн убакыт керектигин, ага чейин чыдамкайлык талап кылынарын балдарга түшүндүрүүнү өтүндү.

27-февралда мекеменин басма сөз кызматы окуучулар аралыктан окууга каршы нааразылык акциясын уюштурууга камынып жатышканы тууралуу маалымат бар экенин билдирди.

Маалыматта мэрия "онлайн окуунун балдар үчүн да, ата-энелер үчүн да оордугун түшүнүп турганын, бирок балдардын ден соолугу, алардын коопсуздугу биринчи орунда экендигин", билдирди.

Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө борбор калаада 2 мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылып турат.

Бишкекте коронавирус эпидемиясынан улам 2020-жылдын март айында жабылган мектептер толук ачыла элек. Азыр 1, 5, 9 жана 11-класстын гана окуучулары кадимки тартипте окуп жатышат, калган класстар аралыктан билим алууну улантууда. Бул илдеттен Кыргызстанда 1,5 миңдей адам каза болду, оору жугузуп алгандар 90 миңге чамалады. (RK)

XS
SM
MD
LG