Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

COVID-19: Вирус дагы 43 адамдан табылды, каза болгондор катталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 43 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (18 ) жана Чүй облусунда (11).

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 86 185ке жетти, каза болгондор 1463 адам.

Бир күндө 66 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 371 адам жатат, дагы 285 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4205 адамга жетти, алардын 4176сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору бир дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG