Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Human Rights Watch уюму Садыр Жапаровго адам укуктарын эске салган кат жолдоду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоп, адам укуктарынын абалы боюнча бир катар сунуштарын берди.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн аткаруучу директору Хью Уильямсон Жапаровго жолдогон катында анын бийликке жаңы келгендеги билдирүүлөрүн, айткан сөздөрүн эскертип, кыргыз бийлиги өз эрки менен кошулган эл аралык келишимдерди аткарарына ишенээрин белгиледи.

Уюм саясий процесстер мыйзам нугуна кайтышы үчүн тез аранын ичинде жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырып, шайлоо мыйзамдары кыйла жакшырганы менен административдик ресурсту колдонуу, бюджеттик мекемеде иштегендерди жана студенттерди мажбурлап митингге чыгаруу сыяктуу көрүнүштөр уланып жатканын айтты.

Коронавирус шартында калктын түрдүү катмарлары, айрыкча колдоого муктаж адамдар жардамдын бардык түрү менен тегиз камсыздалышы керектиги белгиленди.

Human Rights Watch уюму кыргыз бийлиги 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча адекваттуу чара көрө албаганын белгилеп, абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү үчүн жоопкерчиликти камсыздоого чакырды.

Мындан тышкары уюмдун өкүлү Жапаровду жарандык коомдун ролунун маанилүүлүгүн таанууга, маалымат эркиндигин, кыздарга жана аялдарга карата зомбулук үчүн жоопкерчиликти, эмгек укуктарынын корголушун камсыз кылууга, майып балдардын инклюзивдүү билим алуусуна шарт түзүп берүүгө чакырды.

Human Rights Watch — дүйнөнүн 90дон ашуун мамлекетте иштеген эл аралык бейөкмөт уюм. Кыргызстан менен кызматташтыгы 20 жылдан бери уланып келет.

Жапаров президент болуп быйыл 10-январда шайланды. Үгүт өнөктүгү учурунда ал талапкерлердин «Укуктар жана эркиндиктер жөнүндө» келишимине кол коюп, инаугурациялык сөзүндө Кыргызстан адам укуктары сакталган мамлекет болоруна ишенерин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG