Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Отунбаеванын фонду кытай эл жомокторунун сериясын басып чыгарды


“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду кытай элинин белгилүү жомокторун чогултуп, кыргызстандык бөбөктөр үчүн кыргыз жана орус тилдеринде чакан он китеп кылып басып чыгарды.

Фонддун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева 26-февралда “Азаттыкка” билдиргендей, “Кытай эл жомоктору” деген китептер сериясынын каармандары аркылуу жаш окурмандар кытай элинин тарыхы, философиясы, жомок-тамсилдери менен тааныша алышат:

“Буга чейин биз дүйнөлүк саясий лидерлердин китебин кыргызча которуп, жардам берсек, эми балдарды да дүйнөлүк маданият менен тааныштыруу, дүйнө таанымын, кабылдоосун кеңейтүү үчүн кыргызчага котордук. Балдардын кабылдоо каналдарына ылайыкталган сүрөттөрү көп. Себеби бала сүрөттөн тематикалык өтө чоң маалымат алат. Кытайда билим алган адистерибиз жаңы технологияларды колдонуп иштешти”.

Кендирбаева жомокторду кыргыз тилине которгон авторлордун бири. Ал кошумчалагандай, азыр башка элдердин жомокторун да которуп, басып чыгаруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Он китепке Кытайдын улуттук жана дүйнөлүк мурасынын бөлүгү болуп калган чыгармалар кирди. 700 нуска менен чыккан китептер 80 сомдон сатылууда.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фондун Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева негиздеген. Фонд балдарга арналган түрдүү китептерди буга чейин да чыгарып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG