Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Эл артисти Токтоналы Сейталиев дүйнөдөн кайтты


СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоналы Сейталиев
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоналы Сейталиев

Узакка созулган оорудан улам көрүнүктүү опера ырчысы, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 25-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Токтоналы Сейталиев 50 жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги, татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларын аткарган.

Опера арияларынан тышкары анын камералык репертуарына кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана романстары кирген.

Токтоналы Сейталиев 1937-жылы 3-декабрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Жайылма айылында туулган. Эмгек жолун колхоздо баштап, 1956-1957-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы бир жылдык опера жана хор студиясын аяктаган. 1957-1962-жылдары Фрунзе жумушчу жаштардын кечки мектебинде окуу менен бирге хор артисти болуп иштеп жүрүп, 1960-жылы окууну аяктаган.

1962-1969-жылдары Алматы шаарындагы Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство институтунун вокал факультетин бүтүргөн.

1984-жылы Москвадагы Чоң театрдын сахнасында ырдаган.

1969-2013-жылга чейин операнын солисти, алдыңкы сахна чебери, Кыргыз опера жана балет театрында вокал боюнча мастер-класстын жетекчиси болгон.

1995-2015-жылдар аралыгында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жеке ырдоо классында иштеген. (MJ)

XS
SM
MD
LG