Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:28

Текебаевдин мандатына байланыштуу сот жараяны 3-мартка калды


Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоо алдында эл менен жолугушуу учурунда. 2020-жылдын сентябры
Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоо алдында эл менен жолугушуу учурунда. 2020-жылдын сентябры

Бүгүн, 23-февралда Жогорку сот «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүүнүн мыйзамдуулугун карамак. Соттук териштирүү тууралуу депутаттын өзү кабардар болбогонуна байланыштуу жараян 3-мартка жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан "Азаттыкка" маалымдашты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү мыйзамдуу болгон деген негиз менен 5-февралда Жогорку сотко кайрылган.

Буга чейин Бишкектин Административдик соту Текебаевге мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган деген негизде БШКнын чечимин жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту чечимди күчүндө калтырган. Соттун бул ишке кайрылышына жарандык активист Темирлан Ормуковдун арызы негиз болгон.

"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2015-жылкы шайлоого өз партиясынын тизмесин баштап келип шайланып, фракция лидери болуп турган.

2017-жылы ал "Мегаком иши" боюнча сот жообуна тартылганда мандатынан ажыратылган. Анын ордуна Искендер Гаипкулов депутат болуп келген.

2020-жылы Жогорку сот "Мегаком ишин" жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөткөндөн кийин «Ата-Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өзүнүн депутаттык мандатын партия лидерине ыйгаруу өтүнүчү менен БШКга арыз жазган. БШК арызды 15-октябрда карап, көпчүлүк добуш менен канааттандырган.

"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «Мегаком иши" боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Эки саясатчы тең аларга козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши 1,5 жылдан бери кайра каралып жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG