Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:26

Москвада терактка айыпталып соттолгон Онуровду алып келүү маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү


Талант Онуровдун жана анын майыптыгы тууралуу документинин сүрөтү.
Талант Онуровдун жана анын майыптыгы тууралуу документинин сүрөтү.

Москвада терактка айыпталып соттолгон кыргызстандык жаран, 3-топтогу майып Талант Онуровду алып келүү маселесин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 24-февралдагы отурумда айтты. Депутаттын сөзүнө караганда, Талант Онуровдун апасы Динара Сагынбаева уулун Кыргызстанга алып келүүнү өтүнүп, бийликке жана башка тараптарга кайрылган.

Онуровдун апасы уулун кайтарып келүүгө көмөктөшүүсүн өтүнүп, арыз бергенин Кыргызстандын Акыйкатчысы да ырастады. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык арыздын негизинде Кыргызстандын Акыйкатчысы Москва прокуратурасына кайрылган.

Маалыматта "Акыйкатчынын өтүнүчүнө Орусиянын адам укуктары боюнча өкүлү Татьяна Москалькова жооп берип, Талант Онуровго тагылган айып негиздүү жана анын соттолушу мыйзамдуу деп билдирди. Анын маалыматы боюнча Онуровдун укугу бузулган фактылар аныкталган эмес. Талант Онуровду Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси Башкы прокуратура тарабынан каралууга тийиш", деп жазылган.

Башкы прокуратура азырынча бул маселе боюнча маалымат бере элек.

19-февралда Москва шаардык аскер соту кыргызстандык 3-топтогу майып, 32 жаштагы Талант Онуровду "теракт даярдаган" жана "терроризмге үгүттөгөн" деген айып менен 7 жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары ага 4 жыл бою интернетте жана сайттарда ишмердүүлүк кылууга тыюу салынган.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Онуров 2019-жылы сентябрда Орусияга келген. Ал ушул эле жылы октябрь айында "теракт жасоо" максатында Москвада өзүнө өнөктөштөрдү издеп жүргөн деген айып менен кармалган. Онуров тергөө абагында отурган учурунда күнөөсүн мойнуна алганын Москванын тергөө комитетинин өкүлү Юлия Иванова кабарлаган.

Талант Онуров 1989-жылы 11-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Үй-бүлөдө төрт баланын улуусу. Ата-энесинин айтымында, 1998-жылы менингит болуп ооруп, кулагы укпай калган.

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги 2007-жылы берген күбөлүккө ылайык ал 3-топтогу майып. Балыкчы шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турат, майыптыгына байланыштуу айына 2700 сом жөлөк пул алат.

1998-2008-жылдары Бишкектеги кулагы укпаган балдардын №2 интернатында окуган. Кийин Балыкчыдагы ата-энесинин колунда жүргөн. Үйлөнө элек, мурда соттолгон эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG