Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Садыр Жапаров Мекенди коргоочуларды куттуктады


Кыргыз жоокерлери машыгуу учурунда. (архивдик сүрөт)
Кыргыз жоокерлери машыгуу учурунда. (архивдик сүрөт)

Кыргызстанда 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнү майрам катары белгиленүүдө.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров буга карата куттуктоо жолдоду.

Анда президент мекенди коргоочулардын күнүн жалпы мамлекеттик масштабда белгилөө - жаш муунду атуулдук сезимге тарбиялоонун өрнөгү болорун белгилеген.

"Аскер кызматчыларынын азыркы мууну кыргыз армиясынын мыкты салттарын татыктуу улантып келет. Жоокердик милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, күнүмдүк турмушта туруктуулуктун жана чыдамкайлыктын үлгүсүн көрсөтүп жатышат. Алар Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыздоо милдеттерин берилгендик жана кесипкөйлүк менен аткарууда", - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Кыргызстанда Мекенди коргоочулар күнүнө байланыштуу аймактарда, күч түзүмдөрүндө ар кандай иш-чаралар өттү.

23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG