Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

УКМК кыргызстандык жарандар Тажикстанда барымтага алынды деген маалыматты төгүндөдү


Тажикстанда кармалган жакындарын бошотууну талап кылып келген жарандар. Баткен шаары. 2021-жыл 22-февралы
Тажикстанда кармалган жакындарын бошотууну талап кылып келген жарандар. Баткен шаары. 2021-жыл 22-февралы

"Тажикстандын күч кызматкерлери кыргызстандык жарандарды барымтага алышты" деген маалымат жалган экенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Атайын кызматтын маалымдашынча, 16-февраль күнү Кыргызстандын 5 жараны Тажикстандан 900 кг металлды, 2 бодо малды, 3 койду мыйзамсыз чыгарып бара жаткан жеринен тажик чек арачылары тарабынан кармалган. Маалыматка ылайык кармалган 5 кишинин экөөнүн үстүнөн Тажикстандын күч кызматтары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда кыргызстандык жарандарды кайтарып алуу максатында Тажикстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

УКМК кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин маалымдады.

Бүгүн, 22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына жүздөй киши чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүгө көмөктөшүүсүн облустук бийликтен талап кылышкан. Алар жыйырмадан ашуун кыргызстандык жаран "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "аткезчилик жол менен товар ташыган" деген негизде Тажикстанда кармалып турганын айтып чыгышкан. Чогулгандарды өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев кабыл алып, 16-февралда кармалган кыргызстандыктарды алып келүү иштери жасалып жатканын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG