Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

МАГАТЭнин башчысы Ирандын Атомдук энергетика боюнча уюмунун жетекчиси менен жолукту


Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросси жана Ирандын Атом энергиясы боюнча жарандык уюмунун башчысы Али Акбар Салехи. Тегеран. 21-февраль, 2021-жыл.
Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросси жана Ирандын Атом энергиясы боюнча жарандык уюмунун башчысы Али Акбар Салехи. Тегеран. 21-февраль, 2021-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросси Ирандын Атомдук энергетика боюнча жарандык уюмунун башчысы Али Акбар Салехи менен Тегеранда жолукту.

«Иран менен МАГАТЭ эки тараптуу сыйга негизделген жемиштүү талкууларды өткөрдү, алардын жыйынтыгы бүгүн кечинде жарыяланат»,-деп жазды "Твиттерге" Тегерандын Улуттар Уюмундагы элчиси Казем Гарибабади.

Тегеран эл аралык агенттик менен иштешүүнү токтопостугун жана анын инспекторлорун өлкөдөн чыгарбастыгын билдирди.

Иран жана дүйнөдөгү алты держава 2015-жылы өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Иранга салынган эл аралык санкциялар акырындап жоюлмак, ал эми Тегеран уран байытуу боюнча программаларын токтотмок.

2018-жылдын май айында АКШнын президенти Дональд Трамп келишимден чыгып, Иранга катаал санкцияларды киргизген. Бул кадамын ал келишимдеги шарттардын жумшактыгы менен жүйөлөгөн. Буга жооп катары Тегеран келишимдин шарттарын бузуп, уран байытууну акырындап улантып келет.

Кошмо Штаттардын азыркы президенти Жо Байден келишимге кайра кайтуун жолдорун караштырып келет. 19-февралда Ак үй билдиргендей, Евробиримдик Иран жана алты державанын ортосунда диалог жүргүзүүнү сунуштады. Ошол эле күнү Байден Вашингтон аталган өзөктүк келишим боюнча өнөктөштөрү менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи 20-февралда Тегеран Евробиримдиктин сунушун караштырып жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG