Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

COVID-19: 21-февралда оорудан 6 адам көз жумду


Коронавирусту аныктоочу лабораторияда. Бишкек. 2020-жыл.
Коронавирусту аныктоочу лабораторияда. Бишкек. 2020-жыл.

Коронавируска каршы республикалык штабдын 21-февралга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада оорудан 6 адам каза тапты. Алардын бешөө Бишкекте, бир адам Жалал-Абад облусунда катталды.

Акыркы суткада коронавирустан 66 адам айыкты. Анын ичинен үчөө - медицина кызматкерлери.

Ал эми акыркы суткада оору 54 адам жаңыдан кабылганы лабораториялык жактан тастыкталды. Оору жуктургандардын басымдуусу Чүйдө – 25 адам, Бишкекте – 16 адам. Ысык-Көлдө – 5, Нарында – 3, Ош жана Талас облустарында экиден адам, Баткенде бир киши коронавирус илдетин жуктурган.

21-февралга карта стационарда 396 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен:
8 адам - канааттандыраарлык абалда;
264 адам - орто оордукта;
100 адам - оор абалда;
24 адам - өтө оор абалда.
303 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Былтыр март айынан бери Кыргызстанда ооруга 85 888 адам чалдыгып, 82 756 адам сакайды. 1458 адам каза болду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG