Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

Журналист Али Токтакунов иликтөө фондун ачты


Али Токтакунов
Али Токтакунов

Иликтөөчү журналист “Али Токтакуновдун МедиаХабы” фондун негиздеди. Ал 18-февралда Бишкекте медиа долбоордун ачылышын өткөрүп, жаңы фонд жөнүндө маалымат берди.

Токтакуновдун айтымында, фонд коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөөгө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле кино тармагына, кыргыз тасмаларын жайылтууга салым кошууну көздөйт.

Фонддун ачылышына жарандык активисттер, коомдук, кино ишмерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада Али Токтакунов менен журналист Болот Темиров чогуу иликтеген “Темир жол” ишканасындагы коррупциялык иштерди ашкерелеген видео материал көрсөтүлдү.

Али Токтакунов – “Азаттык” радиосунда 10 жылдай иштеген. Ал акыркы жылдары коомчулукта резонанс жараткан бир катар иликтөөлөрдү, анын ичинде бажы тармагындагы ири коррупциялык схеманы, мыйзамсыз иштерди ашкерелеген журналисттик долбоорлорго катышкан. Былтыр октябрь айынан бери өз алдынча иликтөөлөрдү жүргүзүп, коомчулукка жарыялап келатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG