Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Ташиев: Кадыр Досоновду кармоого Тажикстандын атайын кызматтары жардам берди


 Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткен облусунда Тажикстан менен чектеш айылдардын тургундары менен жолукту.

Жолугушууда ал өлкөдө кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен аёосуз күрөш жүрүп жатканын айтты. Жакында эле УКМК тарабынан кармалган "Женго" каймана аты бар Кадыр Досоновду кармоого Тажикстандын атайын кызматтарынын жардамы талап кылынганын билдирди.

"Кадыр Досоновдун артынан 3 ай жүрдүк, 3 ай! Ушул Баткенге келип, Тажикстанга кирип кетет. Кармайлы десек кайра качып кетет. Акыры Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси, генерал-полковник Саймумин Ятимов менен сүйлөшүп, Тажикстандан кууп чыгып анан кармадык", - деди Ташиев.

Ташиев "смотрящий, мыйзамдагы ууру" деген сыяктуу түшүнүктөрдү жок кылышарын да айтты. Ар бир айылдын тургуну кылмыштуу топтун мүчөсүнүн опузасына кабылса дароо УКМК башкармалыктарына кайрылса боло турганын билдирди. Коррупцияга шектүүлөр менен күрөш болсо айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде башталышы керек деп белгиледи.

Кадыр Досонов 11-февралда УКМКнын Ош облустук башкармалыгы тарабынан кармалып, Бишкекке алынып келинген. Ал 8-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта болмокчу. Досоновго Жазык кодексинин бир нече беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталган. (BCh)

XS
SM
MD
LG