Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Мьянмада аскердик бийликке каршы демонстрациялар уланууда


Мьянмада 17-февралдан тартып аскердик төңкөрүштүн каршылаштары көчөлөрдү жана көпүрөлөрдү тороп жатышат. Мындай жол менен алар полициянын акцияны кууп таратуусуна жолтоо болууну көздөшүүдө.

Акцияга катышкан активисттер машинелери бузулуп калганын айтып, жолдун ортосуна токтотуп коюп жатышат. “Бузулган машине” деп аталган флешмоб Мьянмадагы социалдык тармактарда кеңири жайылууда.

Учурда өлкө борбору Янгон шаарына кирчү негизги жолдор, көчөлөрдү автоунаалар тороп турат. Шаарда болсо аскердик жетекчиликке каршы демонстрациялар өтүүдө. Ага он миңдеген адамдар катышып, 1-февралдагы төңкөрүштөн соң камакка алынган Аун Сан Су Чжи баштаган жетекчилерди эркиндикке коё берүүнү талап кылып жатышат.

Шейшембиде Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжиге дагы бир айып тагылды. Ал эми аскерий жетекчилик өлкөдө жаңы шайлоо өткөн соң гана жарандык бийлик институттары калыбына келтирилерин убада кылууда.

Бирма деген аталыш менен да белгилүү Мьянма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган эле.

Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан бийликти кулатып, өлкөнүн жетекчилерин камакка алды. Учурда камактагы Аун Сан Су Чжи өз тарапкерлерине кайрылып, аскердик диктатуранын кайрадан орношуна жол бербөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG