Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:07

УКМК расмий сайтын бузууга аракет кылган адамды аныктаганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

47 жаштагы жаран Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) сайтын бузууга аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, шектүүнүн техникалык аппараттарында ал мыйзамсыз ишке катыштыгы бар экени аныкталган. Бул факт Жазык кодексинин 304-беренеси («Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жетүү») жана 305-беренеси («Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Атайын кызмат бул беренелер менен күнөөлүү деп табылган жаран 1800-3000 сом айып төлөй турганын, же эки жарым жылдан беш жылга чейин соттолоорун эскертти.

УКМК маалыматта өзүнүн расмий сайтынын дарегин көрсөткөн эмес. Ал эми kattar.kg порталында атайын кызматтын сайты gknb.gov.kg деп жазылып турат. Бирок бул интернет дарек ачылган жок.

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын расмий сайттарын хакерлер бузуп салган учурлар көп эле катталат. (TSh)

XS
SM
MD
LG