Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:12

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча расмий маалымат берилди


Кыргы-өзбек чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргы-өзбек чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашкандан бери кыргыз-өзбек чек арасындагы бир дагы метр жер боюнча келишим кабыл алынган эмес. Бул тууралуу 17-февралда президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, “Азыркы бийлик учурда мамлекеттик чек аранын мурда макулдашылбаган тилкелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”.

Маалыматта кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон макулдашууга премьер-министр болуп турган Сооронбай Жээнбеков бекиткен №31 протокол киргени жана өзбек тарап чек арада инженердик иштерди мурдагы бийлик кабыл алган документтер боюнча жүргүзгөнү айтылды.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагында 12-февралда жергиликтүү тургундар менен Чек ара кызматынын жана бийликтин өкүлдөрү жолугушуп, Кош-Болот участогунда жаралган маселе талкууланган. Жергиликтүү тургундар кыргыз-өзбек тилкесинде тактала элек жерге өзбек тарап зым тартып койгонуна, мал жая турган жерлери азайып жатканына нааразылыгын айтышкан.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет.

Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан бери дагы 10 процентке жакыны такталды.

Бул тууралуу 15-февралда өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG