Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Кант кызылчасын себүү аянты бир жылда алты миң гектарга кыскарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кант кызылчасын себүү аянты бир жылда дээрлик алты миң гектарга кыскарып кеткен. Бул тууралуу 17-февралда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Өкмөт башчы элди негизги азык-түлүк менен камсыздоодо айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүн себүү үчүн айдоо аянттарын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи:

«Өткөн жылы кант кызылчасын себүү аянты дээрлик алты миң гектарга азайган. Натыйжада кант өндүрүү да кыскарган. Мындан тышкары биз күнкарама жана жүгөрүнү өстүрүүнү унутта калтырдык. Өзүбүз өстүрсөк биз азыр импорттоп жаткан өсүмдүк майын өндүрүү көлөмүн жогорулата алабыз”.

Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа соңку бир жылда дээрлик эки эседен ашуун жогорулады. Өсүмдүк майы 70 сомдун тегерегинде болсо, азыр 150дөн саткандар бар. Канттын баасы 40 сомдон дээрлик 80 сомго жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG