Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:18

17-февраль: Бишкек абасы булганыч шаарлардын тизмесине кирген жок


Бишкектин жогору жактан көрүнүшү.
Бишкектин жогору жактан көрүнүшү.

17-февралда дүйнөдөгү абанын булгануусун ченеген World Air Quality индекси боюнча Бишкек абасы кир шаарлардын тизмесинен орун алган жок.

Азыркы тапта Индиянан Дели, Калькутта жана Пакистандын Лахор шаарлары биринчи болуп турат.

2020-жылдын ноябрь айынан тарта баш калаа Бишкек дүйнөдөгү абасы эң кир делген рейтингде биринчи саптарда болуп келген эле.

Адистер борбор калаадагы абанын сапатына менчик үйлөрдү көмүр менен жылытуу, Жылуулук электр борборунан чыккан ыш жана автомашиналардын түтүнү таасир этерин айтып келишкен. (BCh)

XS
SM
MD
LG