Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Коронавирустан эки адам каза болуп, 48 кишиге жаңы жукту


Бишкек, 16-июль, 2020-жыл.
Бишкек, 16-июль, 2020-жыл.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 16-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде бул илдеттен эки адам каза болду. Алардын бирөө Бишкек шаарынан, дагы бири Чүй облусунда.

Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1 444 кишиге жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 48 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 17 киши жана Чүй облусунда - 12, Ысык-Көлдө - 10 бейтап. Ош шаары менен Баткен облусунда жаңы учурлар катталган жок.

Оору жуккандардын жалпы саны 85 564 адамга жетти. 82 391 киши айыкты.

Азыр ооруканада 420 адам жатат, алардын 115нин абалы оору, 29у өтө оор абалда. 372 бейтап үйдөн дарыланууда.

16-февралга карата медицина кызматкерлерине вирус жуккан учур катталган жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG